Жаңылыктар
Шайлоого даярдык: коопсуздук чаралары
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоого даярдык: коопсуздук чаралары

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата ыкчам даярдыктарды көрүү менен бирге санитардык коопсуздук чаралары да күчөтүлөт.

Бардык шайлоо участкаларында эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жана шайлоого карата даярдыкты көзөмөлдөө боюнча Бишкек мэриясы жыйынга чогулду. 

Шайлоого жарамдуу ар бир атуул шайлоо участкасына барып, тизме менен таанышып, өзү тууралуу маалыматты текшере алат. Ыраатбек Арынбеков 18ге жаңы толгондуктан, жашап жаткан жерине жакын жайгашкан шайлоо участогуна келип, форма 2 алуу керектигин билди. Себеби азыр Бишкекте жашап жатканы менен, катталган жери айылда.

Ордо калаада 200 дөн ашык шайлоо участоктору ачылып, анын ар биринде биометрикалык маалымат тапшырган шайлоочулардын тизмеси илинген. Кыргызстандын башка аймактарында катталып, бирок борбор калаада жашаган жарандарга ушул тапта шайлоочунун тизмесине кирүү үчүн атайын форма 2 толтуруу иштери жүрүп жатат.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо күнү шайлоо тилкелеринде добуш берүгө келген жарандардын дене табы өлчөнүп, жеке коргонуу каражаттар таратылып, маал-маалы менен имараттар дезинфекцияланып жана тийиштүү аралыкты кармануу талап кылынат. Бишкек мэриясы жарандардын саламаттыгын сактоо үчүн бардык санитардык-карантиндик чараларды жана эрежелерди аткаруу аракетин көрүүдө.

Шайлоого даярдыктарды көрүү маселесине арналган жыйында, шаар мэри Азиз Суракматов ордо калаада санитардык эрежелердин бекем сакталышына көзөмөлдү күчөтүүгө талап койду. Өзгөчө көңүл коомдук транспорттор менен коомдук тамактануу жайларына бурулууга тийиш.

Дүйнөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, шайлоого бир апта убакыт калганда, ар бир шайлоо участокторунда 1,5-2 метрлик аралыкты сактоо, катышуучулардын дене табын көзөмөлдөө жана санитайзерлерди орнотуу, колдонуудагы баардык техника, буюм-тайымдарды дезинфекциялап туруу боюнча иштер күчөтүлөт.