Жаңылыктар
Соттолгон адамды жазалоого эмес, анын оңолуусуна мүмкүндүк берүү зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Соттолгон адамды жазалоого эмес, анын оңолуусуна мүмкүндүк берүү зарыл

Соттолгон адамды жазалоого эмес, анын оңолуусуна мүмкүндүк берүүчү Пробация департаменти сентябрдын биринде бир жашка толду. Бул күнү аталган кызматтын түштүк аймактагы 3 шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери жаңы кеңселүү болду.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча пробациянын аймак аралык башкармалыгынын 3 райондук бөлүмү жаңы иш орундарга көчүрүлдү. Кеңселердин ачылыштарына Юстиция министри, Пробация департаментинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Имараттарды издөөгө Ош, Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөктөшкөн. Аны, БУУнун Өнүктүрүү программасы капиталдык оңдоодон өткөрүп, ичин эмерек жана техникалар менен камсыздап берген. 3 имаратты реконструкциялоого жалпы 2,5 млн. сом жумшалган.