Бишкектин "Ала-Тоо" аянты башаламан соода кылган түйүндөрдөн тазаланды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдирди.
Мэриянын маалыматына ылайык, шаарда рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен велосипеддерди ижарага берген 13 түйүн жабылган. Алар мыйзамсыз иштеп келгени аныкталган.
Мэриядан кошумчалагандай, мындай текшерүү иштери улантылат.