Кыргызстанда 5G түйүнү операторлор тарабынан колдонууга берилген эмес. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов билдирди. Анын айтымында, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети 5G түйүнүн иштетүүгө тиешелүү лицензияны берген эмес.
Бүгүнкү күндө аталган интернет ылдамдыгын кийирүү талкууланууда. Ошондой эле 5G түйүнүн киргизүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өлкө боюнча калктуу конуштардын 96 пайызы мобилдик интернетке туташтырылып, 3-4G түйүнү иштеп жатканын Исмаилов белгиледи