Бишкек мэриясы узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин, жалпы аянты 55 гектарды түзгөн «Ак-Кула» ипподромун шаардын балансына кайтарып алды. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалынын кызматкерлери менен биргеликте жер тилкелеринин чек араларын аныктоо жана имаратты техникалык инвентаризациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү.
Өлчөөнүн жыйынтыгы боюнча кыймылсыз мүлк объектине мамлекеттик акт жана техникалык паспорт алынат.
Белгилүү болгондой, калган жер тилкелери боюнча соттук иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.