Жаңы окуу жылынын башталышы менен дагы 150гө жакын мектепте 1-класстын окуучуларына ысык тамак бериле баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Башталгыч класстарды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча атайын программанын алкагында 100дөй мектепте, жергиликтүү бийлик жана ата-энелердин жардамы менен дагы 50дөй мектепте ысык тамак уюштурулду.
Ошондой эле биринчи чейректе мектепке 1-класстын окуучулары гана баргандыктан, балдардын ысык тамагы үчүн Кыргызстандын 249 мектебине байытылган ун берилди.
Эскерте кетсек, өлкө мектептеринин 70%дан ашыгы тиешелүү техникалык жабдуулар менен камсыздалып, башталгыч класс окуучуларына ысык тамак берилет.