Жаңылыктар
Пандемия шартында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кызматы ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Пандемия шартында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кызматы ачылды

Пандемия шартында адам укуктарынын бузулушуна кабылган бардык жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча байланыш кызматы ачылды.  

Адам укуктарынын бузулушуна кабылган бардык жарандарга укуктук кыймыл төмөнкү байланыш номери аркылуу жардам берет. 

Юристтин WhatsApp номуру: 0770 09 05 45;

“Бир Дүйнө – Кыргызстан” укуктук кыймылынын номуру - 0312 62 56 36 

Дареги Бишкек шаары, Чүй пр., 207, 212 кабинетте кабыл алынат.

Белгилей кетсек, онлайн жана мобилдүү юридикалык консультациялардан тышкары, эң оор учурлар боюнча юридикалык коштоо жана сотто жактоочуну камсыздоо да каралган.