Жаңылыктар
ИИМ: Милициянын көчмө кабылдамасы өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Милициянын көчмө кабылдамасы өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүдө

Милициянын көчмө кабылдамасы өлкөдө иштеп жаткан он жыл аралыгында өзүн калкка укуктук жактан жардам көрсөтүү боюнча натыйжалуулугун көрсөтүп жатат. 

Кабылдамага кайрылгандардын 90 пайызы социалдык маселелерге байланышкан.  Калк менен жолугушууда алар жарандардын кайрылууларына  юридикалык жактан дагы жардам беришет.  Эпидемиологиялык учурда милициянын көчмө кабылдамасы жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө пайдаланылды.

Бүгүнкү күндө  өлкөдө  33 кабылдама иш алып барат жана онлайн режимде көзөмөлдөө үчүн атайын автоунаалар ,  радиобайланыштар, видеокамералар, GPS жабдыктары менен камсыздалган.  Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен  ар бир автоунаага бир айга 250 литр күйүүчү май бөлүнүп берилет.

2019-жылдын ичинде жалпы республика боюнча  3112 жолу милициянын көчмө кабылдамасы менен жолго чыгышып,  8240 жаранга кызмат көрсөтүп , 2951 кайрылууларды кабыл алышкан.

Ал эми 2020-жылдан баштап азыркы күнгө чейин жалпы республика боюнча 9913 жолу чакыруу түшүп, 11517 жаранга жардам көрсөтүп,  9500 кайрылууларды жана арыздарды кабыл  алышкан.

Аталган кабылдама ЕККУнун “ Коомдук коопсуздук демилгеси” долбоорунун алкагында 2011-2015-жылга чейинки аралыкта түзүлгөн.