Парламенттик шайлоонун алдында милиция кызматкерлери тапанча жана мылтык сактоого укуктуу жарандардын бардыгын текшерип, курал-жарактын коопсуздугун карашат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Белгиленгендей, милиция кызматкерлери аңчылык, кызматтык жана жарандык куралдардын ээлерине жана колдонуучуларына, анын ичинде коопсуздук органдарына жана алардын филиалдарына жалпы текшерүү жүргүзөт. "Куралдарды алып жүрүүгө, сактоого жана колдонууга уруксат берүү убактылуу токтотулуп, бир нече күндөн кийин республика боюнча курал-жарак саткан дүкөндөрдүн иши дагы токтотулат", - деп баса белгиледи ИИМ.
Бул иш-чаралар Ички иштер органдары тарабынан биринчи кезекте коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу максатында кабыл алынат. Ошондой эле адамдын, коомдун коопсуздугун, экономикалык коопсуздукту, мүлктү жана жаратылыш байлыктарын коргоону камсыз кылууга багытталган.