Коронавирус же пневмония менен ооругандардын көпчүлүгүндө өпкө толугу менен калыбына келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы пульмонологу Талант Сооронбаев бүгүн, 7-сентябрда брифинг учурунда билдирди.
"COVID-19 же пневмония менен ооруган адамдарда фиброз (тырыктар) пайда болот деген маалымат жок. Такталбаган маалыматтарга жана өзүн-өзү дарылоого ишенбеңиз. Анын үстүнө фиброзго каршы атайын дары-дармектер жок. Жөнөкөй физикалык көнүгүүлөрдү жасап, дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо жетиштүү. Бул ден-соолукту калыбына келтирүүгө жардам берет ", - деп баса белгиледи Сооронбаев.
Ал Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына жана далилдүү медицинанын негизинде клиникалык колдонмонун төртүнчү версиясы иштелип чыккандыгын эске салды.
"Бул жерде реабилитацияга көңүл бурулуп жатат. Жакшы реабилитация программасы иштелип чыккан: жөнөкөй, ыңгайлуу жана арзан. Эң негизгиси, аны үй шартында жасоого болот", - деп баса белгиледи Сооронбаев.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү жакында дем алуу көнүгүүлөрүнүн жана башка калыбына келтирүүчү көнүгүүлөрдүн видеолору чыгат деп убада кылды.