Жаңылыктар
Ош шаарынын жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарынын жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине даяр

Ош шаарынын жылуулук электр борбору күз-кыш мезгилине даяр. Мекеменин буу казандары менен жылуулук энергиясын жеткирип берүүчү магистралдык жана кварталдык тармактары толук кароодон өткөрүлдү. 

ЖЭБдин жылытуу мезгилине даярдыгын Биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков жеринде көрүп чыкты. Ош ЖЭБи калаадагы 330дай көп кабаттуу үйдү, 12 саламаттык сактоо мекемесин, 38дей мектеп-бала бакчаны жана башка обьектилерди жылуулук менен камсыз кылат. 

Негизинен, Ош шаарынын тургундарын күз-кыш мезгилдеринде жылуулук менен эки мекеме камсыздайт. Ош Жылуулук электр борбору жана Ош муницпалдык жылуулук камсыздоо ишканасы. Биринчи вице-премьер-министр күз-кыш мезгилдеринде жылуулук түйүнүндөгү ар кыл маселелерди ыкчам чечүүгө даярдыкты камсыздоо керектигин белгиледи.