Жогорку Кеңешке депуттарды шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти сактоо багытында өкмөттүн токтомунун талаптарына ылайык жарандардын колундагы бардык курал-жарактардын түрлөрүн текшерүүгө алат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандарда сакталган жана колдонулуп жүргөн курал-жарактарды, алардын сакталышын жана ага тиешелүү документтерин толугу менен текшерүүгө алышат. Текшерүү куралдарды колдонууну көзөмөлдөөгө жана курал ээсинин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталат.
Текшерүүгө ала турган курал-жарактардын катарына бардык жеке күзөт кайтаруу агенттиктери, алардын филиалдары жана аларда иштеген кызматкерлер, сый белекке берилген курал-жарактар, жарандардагы травматикалык жана өзүн-өзү коргоого ала турган курал-жарактар жана ошондой эле мергенчилерге аңчылык кылууга берилген курал жарактар толугу менен текшерүүгө алынат. Ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга курал-жарактарды сатууга жана сатып алууга байланыштуу уруксат берилүүчү документтер да убактылуу токтотулат.