Жаңылыктар
Ысык-Көлдө "Мерседес" үлгүсүндөгү унаа кырсыкка учурады
Кыргызстан жаңылыктары
 Ысык-Көлдө  "Мерседес" үлгүсүндөгү  унаа кырсыкка учурады

Бүгүн, 7-сентябрда саат 04:47де Балыкчы - Каракол унаа жолунун 65-чакырымында кырсык болуп, анын кесепетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, Сары-Ой айылындагы унаа жолунда "Мерседес-Бенц" унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жол четиндеги бетонду сүзүп алган.

Натыйжада, 1991-жылы туулган эркек киши каза болуп, анын жанында бара жаткан эки жүргүнчү жапа чеккен. Ошол эле учурда, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маркумдун ким болгонун - айдоочу же жүргүнчү болгонун так айткан жок. Жабыркагандар тез жардам кызматынын дарыгерлери тарабынан Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилди. Ал эми маркумдун сөөгү  унаадан чыгарылып, Укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.