“Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 27 миллиондон ашты”, - деп айтылат Джон Хопкинс университетинин маалыматында. 7-сентябрга карата дүйнөдө Ковид-19 жугуштуу оорусунун 27 003 973 учуру катталып, каза болгондордун саны 882 миң адамга жетти.
Жуктургандардын жана каза болгондордун саны боюнча АКШ 6,2 млн жана 188,9 миң менен алдыда. Экинчи орунда Бразилия - 4,1 млн учур жана каза болгондордон 126,6 миң , үчүнчү орунда Индия - 4,1 млн учур жана 70 миңи каза болгондор.