Эгемендүүлүк күнүнө карата Биринчи Май РИИБдин жетекчилиги мыкты милиция кызматкерлерин сыйлады.
Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн мыкты кызматкерлер медалдар жана грамоталар менен сыйланышты.
Ички иштер органдарында 10 жылдан ашык кызмат өтөгөндөргө "Азамат III, II жана I даражадагы", "Кыргыз милициясына 95 жыл", "Каармандык" медалдары жана "Мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды.
Биринчи Май РИИБдин башчысы Акылбек Казакеев кызматкерлерге мыкты кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.