Жаңылыктар
Жапалак айылы: Кездеме фабрикасында өрт чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Жапалак айылы: Кездеме фабрикасында өрт чыкты

Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай калктуу конушунда 2020-жылдын 6-сентябрь күнү саат 20:06 чамасында Кездеме фабрикасынын 2 кабаттуу административдик имаратынан өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 686 чарчы метр.

Өрттөн жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.

Өрт өчүрүүгө КР ӨКМнин Борбордук аппаратынан,  ККББдан жана Ош шаардык башкармалыгынан ыкчам топтор, Штаб, Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, Ош шаардык №85 ӨКБдан 2 бөлүм, Ош шаардык №109 ӨКБдан 1 бөлүм, Ош шаардык №29 ӨКБдан 1 бөлүм, Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, Ош шаардык көрктөндүрүү ишканасынан 4 суу ташуучу унаа, РӨКОдөн 1 суу ташуучу унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада жана ИИМден 25 кызматкер тартылды.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 21:35 чектөөгө алынып, саат 00:15те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 2 кабаттуу имараттын чатыры жана 2-кабаты күйгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.