Жаңылыктар
Мобилдик телефон, смартфондорду колдонуу адамдын эс тутумун начарлатат
Кыргызстан жаңылыктары
Мобилдик телефон, смартфондорду колдонуу адамдын эс тутумун начарлатат

Мобилдик телефондорду, смартфондорду колдонуу адамдын эс тутумуна тескери таасир тийгизип, окуяларды жана маалыматтарды эстөөнү начарлатат. Мындай пикирди россиялык терапевт-дарыгер Олеся Набокова билдирди. 

Телефонго сүрөткө тартуу, уюлдук каражатта иштөө, навигацияны пайдалануу жана көп убакыт интернеттен маалыматтарды кароо эске тутууда көйгөй жаратат. Изилдөөлөрдө аныкталгандай, уюлдук телефондорду жана смартфондорду активдүү колдонгон балдардын жарыкка жана чыккан үнгө реакциясы жайыраак болуп, жазууда каталары көбөйөт. Иштөөгө болгон жөндөм көрсөткүчтөрү төмөндөйт.