Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү!!! Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Шашылыш билдирүү!!! Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт

2020-жылдын 7-сентябрынан 8-сентябрына чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

7-сентябрда жана 8-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, күндүз 13…18°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 22…27°, тоо этектеринде түнкүсүн 4…9°, күндүз 16…21°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 2…7° жылуу болушу күтүлөт.

8-сентябрда түнкүсүн Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында  0…-2° үшүк жүрүшү мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 4-сентябрь күнү №02-34/614-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.