Жаңылыктар
Көзү азиз балдар үчүн китептер басылып чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Көзү азиз балдар үчүн китептер басылып чыкты

Бишкек жана Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернаттарына китептер басылып чыгарылды. 

Жаңы окуу жылына карата 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар үчүн Брайл шрифти менен 4 аталыштагы китептер жарык көрдү. Каражат Билим берүү жана илим министриги тарабынан бөлүнгөн. 

Белгилей кетсек, Бишкек, Ош шаарларындагы атайын адистешкен мектеп-интернатында жалпы 340 окуучу билим алат.