Жаңылыктар
Чүй облусунда балдарды окутуу үчүн телефон менен телевизорго муктаж үй-бүлөлөр көп
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунда балдарды окутуу үчүн телефон менен телевизорго муктаж үй-бүлөлөр көп

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылы башталганга чейин ар бир мектеп дирекциясы жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте окуучулар арасында сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча текшерүү жүргүздү. 

Жыйынтыгында, башка облустарга салыштырмалуу Чүй облусунда телефон менен телевизорго муктаж үй-бүлөлөр көбүрөөк экени аныкталды. Тагыраак, 1 миң 994 үй-бүлөдө телевизор жана 12 миң 606 окуучуда өздүк телефону жок. Ал эми өлкө боюнча учурда жалпы 3594 үй-бүлө телевизорго, 31 миң 400 окуучу телефонга муктаж. 

Белгилей кетсек, буга чейин төртүнчү чейректеги дистанттык окутуу мезгилинде министрлик муктаждыгы бар 3 миң 403 үй-бүлөнү телевизор менен камсыздаган. Жаңы окуу жылынын башталышына чейин 1 миң 928 телевизор жана 31 миң 143 смартфон менен окуучулар камсыздалды.