Ош облусунун Баш-Булак айылындагы №59 техникалык лицейи жугуштуу оорулар ооруканасына ылайыкташтырылып, баштан аяк капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.
Орун саны 150гө эсептелинди. Бейтапкана 18 миңден ашык эл жашаган Катта-Талдык айыл аймагындагы оорукана көйгөйүн жоймокчу. Объектини оңдоого “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк коомдук фондунун” жана республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн.
Бул үчүн жалпы 3 млн. сомдон ашык ачка сарпталган. Учурда имараттын чатыры менен отканасы толугу менен жаңыланып, жылуулук берүүчү системасы бүткөрүлдү. Ошондой эле, ички инженердик тутумдар жана сантехникалык жабдуулары орнотулду. Ремонт ишине 104 жумушчу тартылган.