Бишкектеги Абдрахманов менен Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кычан Жакыпов атындагы сейил багында ишембилик болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин кароосуз калган сейил бакты тазалоо иштерине министрликтин, ага караштуу департаменттердин, Улуттук маданий борбордун, Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жана Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын кызматкерлери катышты.