Жаңылыктар
Бишкектин Арча-Бешик конушуна суу түтүктөрү орнотулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин Арча-Бешик конушуна суу түтүктөрү орнотулууда

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, Арча-Бешик конушундагы Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин суу түтүктөрүнүн курулушу башталды. 

Айтымында ишти шаар куруу жана архитектура боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин жеке көзөмөлүндө болот. Планда көрсөтүлгөндөй суу түтүктүн узундугу 510 метрди түзөт. Болжол менен 258 тургундун турак үйлөрүн камсыздайт. Капиталдык курулушка конкурс жарыяланып, анын жыйынтыгы менен курулушту ишке ашыра турган компания аныкталган. Келишим боюнча курулуш иштеринин баасы 2 миллион 305 миң сомду түздү. Суу түтүктөрүн орнотууну ушул жылдын ноябрь айына чейин бүтүрүү пландалган.