Жаңылыктар
Борбордогу "Ала-Тоо" аянты велосипеддерди ижарага берген жайлардан тазаланды
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордогу "Ала-Тоо" аянты велосипеддерди ижарага берген жайлардан тазаланды

Борбордогу "Ала-Тоо" аянты велосипеддерди ижарага берген жана көчө оюндарын өткөрүү үчүн уюштурулган жайлардан тазаланды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, аянттын аймагында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө жалпы 13 объект алынган. 

Учурда Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгү шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалоо иштерин улантууда. Мэрия ишкерлерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону эскертет.