Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди.
— Аймактарды өнүктүрүүдө кайра иштетүү тармагын колдоп жатабыз деп ар дайым айтып келесиз. Аймактарда жумуш орундары көбөйөт деп мына бүгүн да учкай токтолдуңуз. Кечээ жакында Чүй облусундагы иш сапарыңыздын жүрүшүндө өлкөнүн сүттү кайра иштетүү тармагы тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук берүү дарамети бар дедиңиз. Жалпы эле өлкөнүн экспорттук потенциалын колдоо иши кандай болууда?
— Мына мен мурун да айткам, дагы айтам, бардык жерде айтып жатам.
Биз болгон аракетибиз менен мамлекеттеги болгон каражаттарды, мүмкүнчүлүгү жетишинче, банктардыкын, фонддордукун биздеги өндүрүлгөн азык-түлүктү, жалпы эле продукцияны кайра иштеткен өнөр жайга буруп жатабыз.
Мен Премьер-министр болуп иштедим, өмүр бою чарбада иштеп, облусттун губернатору болуп иштеп, баарын көрдүм. Эмне үчүн биздин кайра иштетүү өнөр жайыбыз алдыга жылган эмес? Эмне үчүн дегенде ал жакка көңүл бурулбай, каражат дагы жетиштүү бөлүнгөн эмес.
Биз, бир эле айыл чарбасы эле эмес, жалпы эле кайра иштетүү тармагына, жумуш орундарын түзгөндөргө, продукцияны сыртка алып чыккандарга каражатты бурдук.
Сыртка миграция абдан көбөйгөн. Эмне үчүн дегенде өндүрүлгөн азык-түлүк сатып алынбай калган.
Мамлекет сатып ала албайт. Бирок, мамлекеттин милдети, биздин милдет — ошол жерде иштеп жаткан ишкерлерге салыктан жеңилдик берүү. Мына жеңилдик бердик, узак мөөнөттүү, төмөн пайыздагы кредиттерди аларга жеткизип, мына ушуну жасай алдык, каражатты ишкерлерге бурдук.
Премьер-министр болуп турганда Кепилдик фонд түзгөнбүз. Кепилдик фондду эмне үчүн түздүк? Айрыкча айыл жерлеринде жакшы долбоорлору, жакшы ойлору бар көп ишкерлер бар. Бирок аларды көтөрүп алып, банкка барса, ал жерде эки жылдык, үч жылдык, анан болгондо да 20%дан жогору кредиттер бар, аны алайын десе да күрөөсү жок. Кредит ала албайт, иштерин баштай албайт.
Мамлекет тарабынан Кепилдик фонд түзүлүп, уставдык фонду да көбөйтүлдү. Мына, кепилдик фонддон жардам алып жаткандардын саны 3 эсе өсүүдө. Фонд ошол ишкерлерге, күрөөсү жетпегендерге кепилдик берет.
Мына ушундай маселелер менен көп иштерди ордунан жылдырдык.
Бир мисалга токтолуп кетейин. 2016-жылы Премьер-министр болуп турганда аймактарды кыдырып жүрүп, Таласка бардым.
Сүттү кайра иштетүүчү заводдун кампаларында өндүрүлгөн продукциялары сатылбай турганын көрүп, абдан кейигем.
Ал токтоп калса, элден сүт алынбай калат. Бири-бири менен тыгыз байланышкан да. Эгер завод өндүргөн продукциясын сатып турса, акча келип турат, элден сүт алынып турат. Ал токтоп калса эл кыйналып калат, каражат түшпөй калат. Бири-бирине байланышкан.
Кырдаалды оңдоо максатында ЕврАзЭБдин стандарттарына жооп берүү үчүн лабораторияларды куруп, эскилерин жаңыртканбыз. Фитосанитардык, ветеринардык лабораторияларга мамлекеттен акча бөлүп, жаңыларды салып, жаңы шаймандарды алып, талаптарга жооп бергидей кылганбыз. Россия дагы бул боюнча абдан жакшы жардам берди. Муну белгилеп кетишим керек.
Эл аралык деңгээлге жооп бере турган лабораторияларды куруп, анан уруксат алып туруп, мына эми азыр биздин сүт азыктарыбыз сыртка чыга баштады.
Азыр Кытайга 13 ишкана кургак сүт жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ (*атайын реестрге кирген).
Сүт боюнча проблема болбойт алдыда. Эмне үчүн дегенде биздин сүт азыктар тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук бере алат. Биздики эң таза өндүрүлгөн сүт, майлуу сүт.
Кечээ жакында Нарынга барып, кубанып келдим.
Россия-Кыргыз фонду, Кепилдик фонду, «Айылбанк» сүт заводдорго узак мөөнөттүү кредиттерди берип жатат. Кочкордогу завод бүтүп калса, кийинки жылы Нарын облусу боюнча элден сүт сатып алууда проблема чечилет.
Менин максатым — Кыргызстанда айыл чарбасында өндүрүлгөн сүттү, этти, терини, жүндү кайра иштетүүдө ишкерлерге шарт түзүп берип, экспортко чыгарып же ошону сатып алып, кайра иштетүүнү жандандыруу.
Пахта боюнча тапшырма берип, артынан түштүк. Ишкерлерден сурандым, пахта боюнча маселе аягына чыгып жатат. Ошто салынып жатат, кийин да салынат, Токмокто салынды. Аларды мамлекет фонддор аркылуу колдоп жатабыз.
Биздин милдет, дагы айтам, ишкерлерди узак мөөнөттүү, төмөн пайыздуу кредиттер менен колдоп, салыктан жеңилдетүү менен аларга жардам берип, ишти баштаса, сыртка чыкканга көмөк көрсөтүү. Мына ушул процесс кетти. Кудай буйруса, бул токтобойт.
Азыр бүт мамлекеттик органдар, бардык каржылык институттар менин талабымды билип калышты.
Бул талапты мен баардык жерде коюп жатам.
Мен айтып жатам, бир эле тамак-аш эмес, айыл жеринде ташты кайра иштетсе дагы, кумду кайра иштетсе дагы, каражатты ишкерлерге бериш керек деп жатам. Ал — жумушчу орундар да. Ал жумуш орунун түзгөндөн кийин айлык төлөйт, жергиликтүү бийликке салык төлөйт. Салык көбөйөт, жол оңдолот, мугалим-врачтардын айлыгы көтөрүлөт. Мамлекет тарабынан социалдык кызмат көрсөтүү да жакшырат. Баары тең каражатка байланышкан да. Баары тең бири-бирине байланышкан нерсе. Мына ушул нерсени биз ордунан жылдырдык.