Алдыдагы шайлоо өнөктүгү учурунда, коомдук коопсуздукту сактоо жана көзөмөлдөө боюнча ар бир милиция кызматкери жоопкерчиликти сезип, бул багытта бир катар уюштуруу иштеринин сапатын жогорулатуу керек. Бул талапты Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Баткен облусунда болгон иш сапары учурунда, облустук башкармалыктын жалпы курамы менен жолугушуу учурунда билдирди.
Ошондой эле министр, облустагы ички иштер бөлүмдөрүндөгү шарттар менен таанышты. Бул багытта быйыл дубанда бир катар алгылыктуу иштер аткарылууда. Атап айтсак, Кадамжайда райондук ички иштер бөлүмү үчүн имарат курулууда. Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагындагы Интернационал айылында жайгашкан 707- Ички коопсуздук аскерлер кызматы үчүн да имарат курулууда жана Көк-Таш айылында дагы Ички коопсуздук ички аскерлеринин имараты жаңыдан курула баштады.
Министр бул курулуштарды тез жана сапаттуу бүткөрүү тапшырмасын койду. Ошондой эле Баткен жергеси чек ара аймагында орун алып, стратегиялык мааниге ээ болгондуктан, тартип сакчыларына жүктөлгөн милдет жогорку жоопкерчиликти талап кылаарын, андыктан эл менен сылык мамиледе болуп, профессионалдык дэңгээлди жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилди.