Жаңылыктар
Илья Варламов Кыргызстандагы айдоочулардын маданияты жөнүндө...
Кыргызстан жаңылыктары
 Илья Варламов Кыргызстандагы айдоочулардын маданияты жөнүндө...

Россиялык видео блогер Илья Варламов Кыргызстандагы айдоочулардын маданиятына таң калды. Ал өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына борбор калаанын  Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишинен видеотасма жарыялаган.

Алдыда тыгын болуп, унаалардын жыла албай турганына карабастан, айдоочулар бири-бирине тынымсыз сигнал берип турушкан. Мындай көрүнүш видеоблогерди таң калтырган. Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторго да баш ийбей, өтүп кеткен айдоочуларды көрүп, алардын мындай маданиятсыздыгына ачууланган жана таң калган блогер аларды малга теңеп, баракчасына жазып чыкты. 

Ошондой эле, ал Бишкектеги  кооз жерлерди жана даамдуу тамак-аштарды да тартып, өздук баракчасына киргизип жатат. Мындан тышкары Варламов бул жакка келгенденден бери катталуучулар ага абдан көп  жазып жатышканын белгилеген.

Белгилүү россиялык видео блогер жана журналист Илья Варламов Бишкекке бир күн мурун келген.