Жаңылыктар
Бир депутат 6 ай ичинде дарыгерге караганда 170 эсе көп акча коротот
Кыргызстан жаңылыктары
Бир депутат 6 ай ичинде  дарыгерге караганда 170 эсе көп акча коротот

 Президент дарыгерлердин айлыгын көтөрүүнү убада кылды. Мүмкүнчүлүк болоор менен көмүскө экономикадан түшкөн каражаттарды легалдаштыруу аркылуу  төлөнөт. 24.kg маалымат агенттиги Жогорку Кеңешти жана дарыгерлерге  кеткен чыгымдарды талдады.

Ар бир парламентарий үчүн штат алты айда доктурга караганда дээрлик 170 эсе көп акча короткон.

 Жада калса COVID-19 пандемиясы да кырдаалды өзгөртө алган жок. Каникулга кетер алдында Жогорку Кеңешке кеткен чыгымдар 2020-жылдын алты айында эң көп болуп чыкты.

Депутаттын орточо айлыгы дарыгердин маянасынан үч эсе жогору. Июнь айында Жогорку Кеңешти кармоого 97 миллион 227,5 миң сом сарпталды. Бул бир эл өкүлү үчүн 810 миң сомдон ашык сумманы түзөт.

 2020-жылдын июнь айында парламенттик чыгымдар май айына салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге көбөйгөн. Ушул эле мезгилде Саламаттыкты сактоо министрлигинин чыгымдары 261,5 миллион сомду түздү. Бир караганда, бул парламентке кеткен чыгымдан алда канча көп, бирок Жогорку Кеңештин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин деталдаштырылган чыгымдарын талдап чыккандан кийин, биз бул пикир туура эмес экендигин билдик.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгы 77,2 миллион сомду түзсө, Саламаттыкты сактоо министрлигинде 80,5 миллион сомду түздү. Дарыгер менен депутаттардын ортосунда айырма 3,3 миллион сомду түзөт. Бирок өлкөдө болгону 120 депутат,  дээрлик 62 миң дарыгер бар. Бир депутатка 643,4 миң сом, бир дарыгерге 1 миң 302 сом сарпталган. Орточо депутат менен медицина кызматкерлеринин айлыгын салыштыра турган болсок, алардын кирешеси депутаттын айлыгынан үч эсе аз.