Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан 8 адам каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан 8 адам каза болду

Бүгүн, 4-сентябрь күнү саат 09:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Тагай тилкесинде “Ауди А6” үлгүсүндөгү унаасы менен “ХОВО” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болгон, 6 эркек, 2 аял, учурда каза болгондордун аты-жөндөрү такталууда.

Жерине Тогуз-Торо райондук №46 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.