Жаңылыктар
Биринчи класстын окуучулары жана мугалимдери үчүн кандай коопсуздук чаралары көрүлүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи класстын окуучулары жана мугалимдери үчүн кандай коопсуздук чаралары көрүлүүдө?

 Балдардын ден-соолугун сактоо максатында мектептер Санитардык-эпидемиологиялык станция берген бардык санитардык талаптарды сакташат.  Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Анара Акмашаева билдирди.

Анын айтымында, мектептердин кире беришинде антисептикалык  каражаттардын,   тазалоочу килемдердин болушу  жана  аралыкты сактоо тыкыр көзөмөлгө алынганын эскертти.

«Шаардык мектептерде  кабыл алуу  40тан ашык окуучуну камтыйт.  Демек,  ушул нормалардын бардыгын сактоо үчүн бир класс 2 топко бөлүнөт. Биринчи топ саат 8: 00дөн баштап, экинчиси - 11: 00дөн баштап окушат. Ата-энелер балдарын алып келгенде, бардыгы беткап кийиши керек, кире бериште, ар бир баланын  дене табы өлчөнүп, ден-соолугу текшерилет. Андан кийин гана аны класска алып барышат », - деди Акмашаева.  

Ал кошумчалагандай, бардык мугалимдердин жана окуучулардын саламаттыгына бирдей кам көрүлгөн.