Жаңылыктар
Кара-Кечеге бара жаткан жол ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кечеге бара жаткан жол ачылды

Бүгүнкү күнү Дыйкан-Кара-Кече жолу убактылуу жол менен камсыз болуп, көмүргө келчү оор жүк ташуучу автоунаалар каттай баштады жана үзүлгөн электр чубалгылары  толугу менен калыбына келтирилип “Кара-Кече” кесими жарык менен камсыз болду. Иш  толук кандуу жүрө баштады.

Жол жасоого КР жол жана транспорт министрлиги тарабынан 1-экскаватор жана 2- Хово автоунаасы, ДЭП-24 ишканасынан 1- грейдер жана 1- погрузчик техникасы жумушка тартылган. “Кыргызкөмүр”МИсы тарабынан 1- бульдозер бөлүнгөн.

 Эске сала кетсек, КРнын Премьер-министри   Кубатбек Бороновдун  тапшырмасы менен атайын жумушчу топ түзүлгөн,натыйжасында  оор жүк ташуучу техникалардын өтүүсүнө шарт түзүү, жолду тазалоо иштери туралуу пландар түзүлгөн. 10 күн ичинде убактылуу жаңы жол салынары белгиленип, ошондой эле  мындан ары  коопсуз жол салуу боюнча  иштер жүргүзүлөөрү айтылган.