Бишкектеги балдардын искусство мектеби офлайн режиминде ишин баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин ата-энелер, балдар жана педагогдор мэрияга кайрылып, аталган мектептердин ишин жандантууну өтүнгөн. Балдар аралыктан окууда жетиштүү деңгээлде билим ала албай турганын, маселен, музыкалык аспаптын үнү экран аркылуу окуучуга толук жетпей каларын жүйө келтиришкен.
28-августта Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аталган мектептердин иштөөсүнө уруксат берген. Анда санитардык эрежелерди сактоо, дезинфекциялоо жана желдетүү иштери такай жүргүзүлүү талап кылынган. Борбор калаада балдар үчүн тогуз искусство жана бир көркөм мектеби бар.