Мамлекеттик салык кызматы автоунаа ээлерине күйүүчү майды май куюучу жайлардан гана сатып алууну сунуштайт.
Салык кызматы билдиргендей, жол боюнда, маршруттук унаалар токтоочу жайларда жана башка жерлерде бензин сатып жаткан сатуучулар өздөрүнүн товарларын көбүнчө “АИ-92” жана “АИ-95” деп сатышат. Бирок, рейд учурунда алар сапатсыз “АИ-76” жана “АИ-80” бензини экени аныкталган.
Маалыматка караганда, көчөдө сатып жаткандар "АИ-76" же "АИ-80" маркасындагы бензинди май куюучу жайлардан сатып алып, аны кайра башка марка деп сатышууда. Мекеме сапатсыз бензинди пайдалануу унаанын бузулушуна жана аны оңдоого кетүүчү чыгымдарга алып келерин эскертти. Ошону менен катар техникалык көйгөйлөр жаралбашы үчүн атайын май куюучу жайлардан гана май куюуну сунуштайт.