Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин депутаттары 2-октябрга чейин шайлоочулар менен иштешет
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңештин депутаттары 2-октябрга чейин шайлоочулар менен иштешет

Бүгүн, 3-сентябрда өткөн парламенттик жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары ишти бир айга, 2-октябрга чейин токтотуу чечимин кабыл алышты. 

Бул чечимге 79 депутат "макул", 1 "каршы" добуш берди.

Төрага Дастанбек Жумабеков мындай чечим шайлоочулардын алдында калыс болоорун белгиледи. Парламентчилердин көпчүлүгү алдыдагы шайлоого ат салышкандыктан, үгүт иштерин жүргүзүүдө аянтчаны колдонбош үчүн, жумуштан бир аз тыныгуу алып, шайлоочулар менен жеринде жолугушууга убакыт бөлгөндөрү жакшы,- деп негиздеди Жумабеков. Эл өкүлдөрү да чечимге макул болушту.

Бюллетенге кайсы партиялар киргизилет, БШК бүгүн, 3-сентябрдан кечиктирбестен жарыялашы керек. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат. 3-октябрь — шайлоо алдындагы "Жымжырттык күнү".