Быйыл 13 ири компания банкрот болду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департаменттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул компаниялар экономиканын ар кандай тармактары курулуш, соода, айыл чарба жана жүк ташуу жаатында алектенип келишкен. Бул ишканалар 2019-жылы мамлекеттин бюджетине 14 миллион сом чегеришкен. Азыркы күндө дагы 200дөн ашык компания банкрот болуу алдында турат.