Жаңылыктар
Карызы көп конуштардын таштандысы бул аптада чыгарылбайт - “Тазалык” ишканасы
Кыргызстан жаңылыктары
Карызы көп конуштардын таштандысы бул аптада чыгарылбайт - “Тазалык” ишканасы

1-сентябрга карата Бишкектеги эки конуштун таштандыны чыгаруу үчүн төлөй турган карызы 959 миң сомго жетти. Мындай маалыматты Бишкек мэриясынын “Тазалык” ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди. 

Айтымында, көпчүлүк жаңы конуштарда таштанды чыгаруунун акысын убагында бербей келишет. Эң эле көп карызы барлар Бишкектин четиндеги Рухий Мурас жана Алтын Ордо конуштарынын тургундары. Анын ичинен Рухий Мурас конушунан 340 абонент 399 миң 660 сом, Алтын Ордодон 301 абонент 559 миң 285 сом карыз. 

Таштанды чыгаруу үчүн бир айлык тариф бир кишиге 22,5 сом, пенсионерлерге алты сом. “Элдин карызы көп болуп кеткендиктен, бул аптада карызы көп конуштарда топтолгон таштандысы чыгарылбайт, көчөлөрдө кала берет”, - деди Каракеева.