Шаарда муниципалдык жерлерди акы төлөбөй бир нече жылдан бери пайдаланып келген ишкерлер бар. Мүлктөрдү инвентаризациялоонун натыйжасында миңдеген жарандардын мамлекетке карызы ачыкка чыккан.
Шаардын муниципалдык жеринде жайгашкан ашкана карызы көп жайлардын бири. Ишкер жерди акысыз алып, болгону жыл сайын 33 миң сом төлөөгө милдеттендирилген. Бирок ижара акысы тогуз жылдан бери төлөнгөн эмес.
Жерди пайдаланганы үчүн ижара акысын төлөбөгөндөрдү аныктоо иши соңку эки жылда жанданган. Карызы бар ар кандай ишканаларга быйыл жалпысынан 285 миллион сом доо коюлуп, сот иштери жүрүп жатат. Айлап-жылдап төлөбөгөндөрдүн арасында чакан күркөнү иштеткендерден тартып, көп кабаттуу турак үй куруп алгандарга чейин бар.
Ижара акысы төлөнбөгөн жана келишимде каралган шартта иштетилбеген 46 гектардан ашуун муниципалдык жер эки жылга жетпеген убакыт аралыгында мэриянын карамагына кайтарылды. Алардын аянты дагы кеңейиши мүмкүн. Себеби 1-сентябрдан тартып карызды өндүрүү иши күчөтүлдү.
Ижара акысынын көлөмү жерди пайдалануунун шартына жараша аныкталат. Келишимде каралбаган ишмердүүлүк жүргүзүлсө да эреже бузуу болуп саналат. Текшерүүдө дал ушул жагдай да эске алынууда.