Бишкек мэриясы ижара акысы төлөнбөгөн муниципалдык жерлерди кайтарып алууда.
Борбор калаанын бийлиги аны пайдаланган жеке тараптар тарабынан келишимдин шарттары бузулган учурлар көп болуп жатканын билдирди. Ижарага алынган жерлерде мыйзамсыз курулуш жүргүзүлгөн жана узак убакыттан бери акы төлөбөгөндөр бар. Мэрия текшерүү күчөтүлүп жатканын эскертти.