Жаңылыктар
Баткенде жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-сентябрь күнү саат 19:34тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Жер титирөө Баткен районунун Ак-Татыр айылында 4 балл, Үч-Дөбө, Рават жана Самаркандек айылдарында 3,5 балл, Лейлек районунун Кара-Суу айылында 3 балл, Баткен шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн  жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.