Жаңылыктар
Салык кызматы тарабынан мыйзамсыз сатылып жаткан спирт ичимдиктери аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы тарабынан мыйзамсыз сатылып жаткан спирт ичимдиктери аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө алкоголдук продукцияны лицензиясы жана тиешелүү сертификаты жок сатуу максатында мыйзамсыз сакталган фактысын аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Жалпысынан ар кандай аталыштагы жана идиштеги 29 миң 145 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды, анын ичинен Бишкек шаарында – 13 873 бөтөлкө алкоголь, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда – 15 272 бөтөлкө сыра. Белгилей кетсек, жалпы республика боюнча буга окшогон рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.