Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгы тарабынан аткарылган дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат.
2020-жылдын 18-мартынан 1-сентябрга чейин Ош облусунун аймагында 6 млн 528 109 м2 имараттын ичи, 31 млн 652 410 миң м2 имараттын сырты жана 13 млн 015 123 миң погондук автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 32 557 кг хлор, 20 017 литр суюк хлор жана 2828 даана хлор таблеткасы колдонулган.
Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, даарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.