Жаңылыктар
Ош шаарында 5 миңден ашуун окуучу 1-класска барды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында 5 миңден ашуун окуучу 1-класска барды

Ош шаарында жалпы 5350 окуучу 1-класска барды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди. 

Бүгүн, 1-сентябрда Ош шаарында билим күнү белгиленди.

Анын негизинде Ош шаарында жалпы 5350 окуучу 1-класска барып, билим алууну баштады. Бардык мектептерде карантиндик, санитардык талаптар сакталууда.

Айта кетсек, Ош шаарында жалпы 74 миңден ашуун окуучу бар. Алардын ичинен 69 миң окуучу мамлекеттик мектептерде, 5349 окуучу жеке менчик мектептерде окушат.