Жаңылыктар
Салык кызматы эскертет! Унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы эскертет!  Унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү

Мамлекеттик салык кызматы эскертет, бүгүн, 1-сентябрда унаа салыгын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. 2-сентябрдан турак-жай жана батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), ошондой эле, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди. 


Ушуга байланыштуу, Салык кызматы унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө жетише элек жарандарды төлөө мөөнөттөрү аяктаганга чейин салыктардын төлөөгө чакырат.


Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.