Бүгүнтөн тарта Бишкекте коомдук транспорт кадимки тартипте жүрө баштайт. Тагыраак айтканда, автобус, троллейбус жана кичи автобустар таң эртеден кечке чейин тыныгуу жок каттайт.
Шаардык мэрия бардык жүргүнчүлөрдү санитардык эрежелерди сактоого, бет кап тагынууга чакырат. Коомдук транспорттордун ичинде санитайзерлер орнотулуп, залалсыздандыруу иштери дагы жүргүзүлүп турушу шарт.
Ошондой эле жүргүнчүлөр автобус менен троллейбустарда "Тулпар" картасы менен төлөм жүргүзө алышат