Ынтымак менен тынчтык- өлкөнүн өнүгүп, гүлдөшүнүн кепили. Дал ушул баалуулукту камтыган театралаштырылган оюн-зоок Ош шаарынын борбордук аянтында белгиленди. Тарыхка өчпөс из калтырып, келечек муунга үлгү болчу залкарлардын басып өткөн барандуу жолунан үзүндүлөр чагылдырылды. Ага, легендарлуу парламенттин депутаттары, ардагерлер жана саналуу муниципалдык кызматкерлер катышты.
Демейдегиден айырмаланып, көрүүчүсү аз өткөн салтанатка ырчы Айпери Кулбаева жаңы чыгармасы менен келди. Алты айдан бери үйдө отурган ырчы, сахнаны сагынып келгенин айтат.
Оштогу окуу жайлардын биринин студенти Наргиза Кыялбекова үчүн быйылкы жыл пандемияны эске албаганда, жемиштүү жылдардан болду. Жаңы жумушка орношту. Көп өтпөй, дарыгерлик кесибин түшүнүп, колдоп тураарын билдирген жигитке баш кошту. Көз карандысыздык күнү минтип, эмгек жолундагы эң алгачкы сыйлыгын алды. Мактоо баракчасы, эгемендик майрамына карата пандемия менен күрөшкөн дарыгерлерди сыйлоо учурунда берилди.
Айттырбай келген оору менен күрөшүүдө ыктыярчылардын ролун да атабай кетүүгө болбойт. Муктаждыктарды жөнгөрүүдө шаар тургуну Убайдулла да четте турган эмес.
Мына ушул элдер ортосундагы ынтымак, тынчтык сакталып турганда, элибиздин турмушу жакшырып өнүккөн мамлекеттердин катарынан орун алчу күн ыраак эмес. 70тен ашуун улуттун өкүлдөрү жашаган Ош шаарында учурда 20дай социалдык объектинин курулушу жүрүүдө.
Мындай өнүгүүлөр айрыкча тоолуу аймактарга басым жасалууда. Мамлекеттүүлүктүн кышын кынаганга, анын өсүп-өнүгүүсүнө салымын кошкон Төрөбай Кулатовдун ысымын алып жүргөн мурунку “Жал” совхозунда эле акыркы 2 жылда 200 туруктуу жумуш оруну түзүлгөн.
Төрөбай Кулатов, 1908-жылы Кызыл-Булак айылында туулган. Өмүрүнүн кырк жылын мамлекеттик кызматтарга арнаган. Эл комиссарлар советинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку советинин президиумунун төрагасы, СССРдин жогорку совети менен Кыргызстан жогорку советинин 9 жолку депутаты болгон. Кулатов сындуу Кыргыз мамлекетинин түндүгүн көтөрүп, өз өлкөсүнүн келечеги үчүн өмүрүн сайып койгон тарыхый инсандардын элеси – келечек муундун да эс тутумунда жашашы керек. Ошондо гана ар бирибиз өлкөбүздүн, элибиздин келечегине салым кошууга дем-күч алабыз.