Өлкөдө жугуштуу тумоо жайылып, эл оор кырдаалга кабылган учурда жардамга муктаж адамдарга кол сунуп, кутучага чогулткан тыйындарын кенже мектеп курагындагы балдар дагы беришкен. Чоңдордон калбай кыйынчылыкты жеңүүгө кошкон салымы үчүн сегиз балага президенттин атынан планшет тапшырылды. Мындай белекти балдар Ала-Тоо аянтында уюштурулган Эгемендик майрамды белгилеген учурда алышты.
Өлкө башчысынын катышуусунда өткөн Эгемендүүлүк майрамында президент чогултуп жаткан тыйынын чын жүрөгү менен муктаждарга берген балдар менен жолугуп, аларга бекем ден соолук, кең келечек каалап, көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Ал эми кичинекейлер үчүн президенттин белеги күтүүсүз болду.
Бала туруп, кыйын учурда адамдарга жардам берүү үчүн бири телефонго деп топтогон акчасын берсе, экинчиси көптөп бери эңсеп жүргөн буюмун сатып алуу үчүн чогулткан каражатын бергени көпчүлүктүн жүрөгүн жылытты. Балдардын мындай аруу тилеги, боорукерлиги жарандарга чоң дем-күч берди десек болот.
Балдар үчүн мамлекет башчысынын белеги күтүүсүз болгонун айткан ата-энелер жаңы окуу жылына карата балдар онлайн окуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдиришти.
Бүгүн Кыргызстандын өз алдынча мамлекет болгонуна туура 29 жыл болду. Эгемендик майрамда Сооронбай Жээнбеков COVID-19 вирусуна каршы күрөшкө кошкон салым үчүн тапшырылган белектер балдарга өлкөнүн жаркын келечегинин кепилдиги болгон санарип технологияларды жакшылап өздөштүрүүдө жардам берерине үмүт кылды.