Бүгүн - биздин мамлекетибиз үчүн улуу күн. Көз карандысыздыгыбыз - эң ыйык дөөлөтүбүз, эң бийик сыймыгыбыз. Эгемен, эркин эл болууга - ата-бабаларыбыз кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз. Эркиндигибиз - ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде жашай турган сезимибиз. Улуулардан алып, урпактарга өткөрүп берчү аманатыбыз. Бүгүн, борбордук «Ала-Тоо» аянтында эгемендиктин 29 жылдыгына арналган салтанат болуп өттү. Иш-чара, пандемияны эске алуу менен онлайн форматта, көрүүчүлөрсүз уюштурулду. Ага бүгүнкү күндүн баатырлары - медиктер, пандемиянын оор мезгилинде күчөтүлгөн тартипте кызмат кылган ички иштер органдарынын, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Майрамдык иш-чара кыргыз элинин тарыхый жолу, азаттыкка жетүүдөгү азаптуу ашууларын чагылдырган сахналаштырылган пролог менен башталды. Анда эгемендикти эңсеген элдин бүгүнкү күнгө жетишине салым кошкон тарыхый инсандардын бейнеси чагылдырылды.
Иш-чара пандемиянын талаптарын эске алуу менен онлайн форматта, көрүүчүлөрсүз өттү. Чакырылгандардын арасында учурдун каармандары ак халатчандар, тумоо каптаган мезгилде жанын тобокелге салып иштеген күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана вируска каршы күрөшүү үчүн топтогон акчасын берген ыктыярчы-балдар бар. Иш чарада өлкө башчысы сөз сүйлөп, бул тарыхый датанын маани-маңызына токтолду.
Эгемендүүлүк - бул эркин мамлекетте жашап жаткан эркин адамдардын - ар бирибиздин ички сезимибиздеги салтанат. Биз бүгүн эгемен журт экенибизди ошол сыймык менен белгилеп отурабыз. Албетте, бул күн мындан да салтанаттуу белгилениши керек. Бирок, быйылкы пандемия шартында жыл башында пландалган иш-чаралар болбой калды.
Өлкө башчысы жалпы дүйнөнү алдастаткан тумоо биздин мамлекетти да чоң сыноого туш кылганын белгиледи. Кыйын күндөрдү өткөрдүк. Бирок биз күрөштү тынбай уланттык. Кол куушуруп, мүңкүрөп отуруп калган жокпуз. Бул апааттан кутулуу - мамлекеттик бийликтин аракетинен гана эмес, коомдун биримдигинен жана жоопкерчилигинен көз каранды экенин көрдүк. Биздин саламаттык сактоо системабыз менен экономикалык дараметибиз гана эмес, элибиздин ынтымагы да чоң сыноодон өттү. Саламаттык үчүн болгон кармашта элибиз өзүнүн сабырдуулугун жана кайрымдуулугун көрсөттү - деди Президент.
Мамлекет башчысы кыйын кезеңде өмүрүн тобокелге салган, калк саламаттыгын камсыздоого салым кошкон дарыгерлерге, тартип сакчыларына, аскерлерге, ыктыярчыларга жана ишкерлерге ыраазычылык билдирди. Ошол учурда тумоо менен күрөшүүдө арабыздан кеткен асыл инсандарды жоготуу оор болгонун белгиледи.