Нарында эгемендүүлүктүн 29 жылдыгына арналган иш-чара таң эрте башталды. Жылдагыга салыштырмалуу элдин катышуусу аз болду.
Салтанат санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди тыкыр сактоо менен өткөрүлүп, аралыкты сактап отуруу менен уланды. Майрамдык иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Эгемен Кыргызстандын 29 жылдыгына арнап, жалаң мекен жөнүндөгү ырлар жаңырып, жакшы каалоо-тилектер айтылды. Нарындыктар бул жылы дубан үчүн оор болду дешет.
Илдет кулачын жайып, кырдаал курчуганы менен облустун айыл чарба жана кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүү иши мыкты деңгээлде жүрдү. Учурда эки аймакка заманбап типтеги мал союуучу ишканалар курулуп жатат. Андан тышкары бир катар ишканалардын иши жанданды. Ал эми саламаттыкты сактоо жагын алсак Нарын шаарында 70 орундуу оорукананын курулушу жүрүп жатат. Ал ушул сентябрь айынын аягы менен ишке кирет.