Жаңылыктар
Кайгуул милициянын курамы толукталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кайгуул милициянын курамы толукталды

Ош шаарынын Патрулдук милиция кызматына 51 кызматкер сынактык негизде тандалып алынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. 

Келечектеги тартип сакчылары 1-сентябрдан тарта ИИМ академиясынын Ош шаарындагы филиалында даярдыктан өтө башташат. Кызматка алынган жарандардын тизмеси министрликтин расмий сайтында жарыяланды.