Жаңылыктар
"Өлкөдө чакан жана орто ишканалардын саны 4421ге жетти",- Жээнбеков
Кыргызстан жаңылыктары
"Өлкөдө чакан жана орто ишканалардын саны 4421ге жетти",- Жээнбеков

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-августта, Коомдук Телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди. Президент өз сөзүндө, Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 4421ге жеткенин айтты.

"Мына жыл сайын берилген кредиттер өсүп жатат. Буюрса, мындан да көбөйөт. Азыр бул кредиттерди айрыкча, чакан жана орто бизнеске, ишкерлерге көбөйтүп берүү боюнча иштеп жатабыз. Ушундай каражаттарды бургандан кийин айылдагы ишкерлик кылган адамдардын, ишкерлердин саны дагы өсө баштайт.

Дагы айтып кетейин, региондордо иштеп жаткан чакан жана орто ишканалардын саны 2017-жылы 3727 болсо, 2018-жылы — 4051 түздү. Бүгүнкү күндө алардын саны 4421ге жетти",- С.Жээнбеков.